• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министри борбор калаадагы мектеп директорлору менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде баш калаадагы мектептерде окуу процессин уюштуруу, анын ичинде окуучулардын окууга кызыгуусун арттыруу, мугалимдерди аттестациялоо, жалпы билим берүү уюмдары үчүн орус тилинде окуткан мугалимдерди даярдоо маселелери талкууланды.

Мектептерде маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын техникалык жактан колдоону уюштуруу үчүн «Жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына» өзүнчө системалык администратор кызмат ордун киргизүү, ошондой эле Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук журналдарын жүргүзүү, сактоо жана архивге өткөрүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу сунушталды.

Министр бардык сунуштар көңүл сыртында калбай тургандыгын, «бардык маселелер мектептин пайдасына чечилерин» билдирди.

Пикир

Оставить комментарий