• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү уюмдары эки министрлик иштеп чыккан алгоритмге ылайык иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Мектептер, бала бакчалар окуучулардын, мугалимдердин жана кызматкерлердин коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздоо үчүн жалпы коопсуздук жана гигиеналык чараларды сактоо менен иштеши керек. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы билим берүү уюмдары Билим берүү министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык кадимки режимде иштеп жатат.

Санитардык ченемдерди милдеттүү түрдө сактоо керек:

  • Ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • Кол жууганга шарт түзүү;
  • Окуу бөлмөлөрүн, тазалык бөлмөлөрүн тазалоо жана дезинфекциялоо боюнча пландарды/графиктерди иштеп чыгуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Массалык иш-чараларга: концерттерди, жолугушууларды, майрамдарды ж.б. тыюу салуу;
  • Кире бериште дене табын текшерүү, колду дезинфекциялоо;
  • Ата-энелердин, асыроочу адамдардын имаратка кирүүсүн чектөө.

“Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткен учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аймактык СЭК борборлору жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан ар бир уюм боюнча биргелешкен чечим кабыл алынат. Аралыктан окууга өтүү чечими ар бир билим берүү уюму менен биргеликте кабыл алынмакчы”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий