• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү уюмдарынын аймагы жашылдандырылат. Министрдин буйругу чыкты

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, санитардык абалын, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртуу, айлана-чөйрөгө кам көрүү, окуучулардын жана жаштардын ден соолугуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге, алардын эмгекке умтулуусуна, анын натыйжалуулугуна багыт берүү максатында буйрук чыгарды.

Ага ылайык, Кыргызстандагы бардык билим берүү уюмдарынын аймактарынын инфраструктурасын, санитардык абалын, жашылдандыруу иштерин уюштуруу күчөтүлөт.

Жогорку, орто жана башталгыч кесиптик уюмдардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын билим берүү бөлүмдөрүнүн, облустук усулдук жана билим берүү мекемелеринин, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

  • билим берүү уюмдарынын аймактарын жашылдандыруу боюнча тиешелүү иш чараларды жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте (макулдашуу менен) уюштуруу;
  • билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын арасында жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн, айлана-чөйрөгө кам көрүүнүн максаттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • студенттердин, окуучулардын жана жаштардын ден соолугуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге, алардын эмгекке умтулуусуна багыт берүү;
  • окуудан тышкаркы убакта студенттер менен биргеликте флеш-моб, эстафеталарды, акцияларды, мектеп окуучулары үчүн класстык сааттарды, класстан тышкаркы иш чараларды, мектепке чийинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларына айлан-чөйрө тууралуу көргөзмөлөрдү өткөрүүнү камсыздоо;

Пикир

Оставить комментарий