• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү уюмдарынын усулчуларына вебинар уюштурулду

Билим 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги облустук билим берүү борборлорунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчуларына календарлык-тематикалык пландарды түзүү боюнча вебинар өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, вебинарда бекитилген видеотемаларга негиздеп ар бир предмет боюнча календарлык-тематикалык пландарды (КТП) түзүү, аралыктан окутуунун оптималдуу усулдарын мектептерде уюштуруу боюнча сунуштар, түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле сабактардын жадыбалын түзүүдө телесабактарды эске алуу тууралуу сунуштар айтылды.

Усулчулар аралыктан билим берүүгө байланыштуу суроолоруна министрликтин тиешелүү адистеринен жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Санарип мугалим” бир айлыгынын алкагында мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү багыттары боюнча түрдүү иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий