• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү жаатында Кытай менен кызматташууну жакшыртуу маселеси талкууланды

Билим 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы кызматташууну жакшыртуу, кыргызстандык студенттер үчүн каралган квотанын санын көбөйтүү суроолорун талкуулашты.

Элчи айым Каныбек Исаковду министр болуп дайындалышы менен куттуктап, ага жүктөлгөн жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Каныбек Исаков элчиге ыраазылыгын билдирип, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү үчүн буга чейинки макулдашууну өзгөртүү каралап жатканын кабарлады.

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында жалпы 60 кыргызстандык студент бюджеттик негизде билим алат.

Пикир

Оставить комментарий