• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министри Болотбек Купешев иш сапары менен Таласта болду

Билим 0

Бишкек, 19.09.21. /Кабар/. 18-сентябрда КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Талас облусунда болушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алгач министр облустук жана райондук жетекчилердин коштоосунда Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан, 122 тарбиялануучусу бар көмөкчү мектеп-интернатка барды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-июнунда Б.Купешев тармактын жетекчиси катары аталган интернатка алгачкы жолу келип, эмгек жамааты жана тарбиялануучулары менен жолугушуп, интернаттын абалы менен жеринен таанышкан. "Ошол иш сапарында Б. Купешев жеринде чечүүгө мүмкүн болгон айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин чечип берүүнү облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине милдеттендирген. Аларга интернаттын жылытуу системасын калыбына келтирүү, ашкананын шыбын жана чатырын алмаштыруу, уктоочу бөлмөлөрдү жаңы керебеттер жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, керектүү сандагы компьютерлер менен жабдылган компьютердик класс ачуу, мектептин китепканасын кыргыз тилиндеги китептер менен толуктоо сыяктуу бир катар тапшырмалар берилген", - деп айтылат маалыматта.

Министр бул тапшырмалардын кайсысы толук, кайсысы жарым-жартылай аткарылганын өз көзү менен көрүп, көмөкчү мектеп-интернатка колдоо көрсөтүүнү улантууну жетекчилерге тапшырды.

Андан ары Манас районундагы Айсезим орто мектебине жана Баялыш уулу Рахман атындагы орто мектепке барып, мектеп мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары менен жолугушуп, баарлашты.

Жолугушуулардан кийин Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында атайын кеңешме өткөрүлдү. Ага КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Досмамбет Жээнбеков, Талас облустук окуу-усулдук борборунун директору Табылды Тилекматов, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов, Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов жана мектеп директорлору, тарбиячылар катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары жалпы эле облустагы билим берүүнүн абалы, чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча өз ой-пикирлерин ортого салышты.

Пикир

Оставить комментарий