• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Билим берүү жана илим министри КРда фин билим берүү элементтерин киргизүү маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. КРнын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Фин улуттук билим берүү агенттиги менен кызматташуу маселелерин талкуулады.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жолугушууда Кыргызстанда фин билим берүү тутумунун айрым элементтерин киргизүү мүмкүнчүлүгү маселеси көтөрүлдү.

Министр КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Анын ичинде, Кыргызстанда билим берүү стандарттарын иштеп чыгуунун жаңы ыкмаларын түзүү тууралуу сөз болду. Аларды иштеп чыгууда башка өлкөлөр менен катар Финляндиянын тажрыйбасы каралды. Ошондой эле, министр Финляндия жалпы билим берүүчү мектептердин деңгээлинде киргизип жаткан өзгөрүүлөргө Кыргызстанда кызыгуу менен байкоо салып турушарын белгиледи.

Фин улуттук билим берүү агенттигинде Г.Кудайбердиевага Финляндиядагы билим берүүнүн жалпы принциптери, билим берүүнүн деңгээлин жана окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган учурдагы реформалары тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий