• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги жеке менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт

Билим 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги бардык жеке менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөзх кызматы билдирет.

Министрлик 2022-жылдын 9-мартында интернетке жана социалдык желелерге чыккан 5 жаштагы баланын Бишкек шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалгандыгы тууралуу билдирүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

"Билим берүү министрлиги жабырлануучу тарап көрсөткөн Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан "Ала-Тоо" турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага лицензия берген эмес", - деп айтылат маалыматта.

"КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" КР мыйзамына ылайык, лицензиялоодон өткөн гана жеке менчик билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берилет жана алар билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында белгиленген талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган балдардын билим сапатын жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилет.

Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн КРда билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.

Маалыматта белгиленгендей, ата-энелер балдарын жеке менчик формадагы бала бакчаларга берүүдө сөзсүз түрдө алардын укуктук ченемдик документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү зарыл.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан "Ала-Тоо" турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакча ээсинин мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталса, КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

Окуяга байланыштуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы бардык жеке менчик формадагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий