• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" бир айлыгын өткөрөт

Билим 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5-августунан 25-августка чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим миистринин орун басары Нурлан Өмүров онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки, мектеп алдындагы жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашырууга даярдануу жана учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Санарип мугалим" бир айлыгы жарыяланууда.

Бир айлыктын алкагында 2020-жылдын 5-августунан 25-августуна чейин төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:

Педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн аралыктан окутуу ыкмаларын колдонуу, онлайн сабактарды, видео сабактарды, окутуу видео материалдарын даярдоо боюнча, мультимедиялык технологияларды колдонууга, окуучулар жана ата-энелер менен кайтарым байланыш уюштурууга арналган вебинарларды өткөрө баштады.

Ар бир региондо бир айлыктын алкагында педогогдор үчүн окуучулар менен натыйжалуу кайтарым байланышын уюштуруу, үй тапшырмаларынын көлөмүн аныктоо, аны балоо, WhatsApp, ZOOM, Google Classroom, Скайп, Google Hangouts, Google Meet, MOODLE платформаларын колдонуу менен аралыктан окутуу формасында окуу процессин уюштуруу максатында ата-энерлер менен иштешүү боюнча окутуу семинарлары дагы өткөрүлөт.

Ошондой эле институт тарабынан 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн 72 сааттык "Дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүү уюмдарын башкаруу" модулу иштелип чыгат жана окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн август конференциясы онлайн режиминде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий