• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү жана илим министрлигинде STEM-билим берүү боюнча семинар өттү

Билим 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Кыргыз билим берүү академиясы, Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо бюнча республикалык институнун кызматкерлери жана борбор калаадагы мектептердин директорлору үчүн STEM-билим берүү жаатында семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

STEM – (science, technology, engineering and mathematics) табият таануу илимдери, технология, инженерия жана математика.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу белгилегендей, Кыргызстандын билим берүү системасы өз милдеттеринин бири катары табият илимдери боюнча сабактардын сапатын көтөрүү деп эсептейт, бул окуучулардын азыркы дүйнөдө өз багытын табышына өбөлгө түзөт.

Семинардын лектору Дэвис (Калифорния) университетинин доктору Алисия Сантиаго болду.

“Менин максатым – жаштарга STEM-билим берүүгө тартылышына мүмкүнчүлүк берүү, бардык балдарга бул бирдей жеткиликтүү болушу керек. Тилекке каршы, АКШда ар кайсы этникалык топтогу балдардын STEM-мүмкүнчүлүктөрү ар кандай. STEM – бул бир илим катары кабыл алынган табият таануу илимдери, технология, инженерия жана математика. Азыр STEM көйгөйлөрдү чечүүгө, жашоону жакшыртууга жардам берет, андыктан ага бүт дүйнөдө кызыгуу күч алды”, - деди ал.

Семинарда STEM-билим берүүнү окуу программасына киргизүү жолдору, Кыргызстанда STEM-инструменттерин жана ыкмаларын кантип колдонуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий