• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзгөчө кырсыктардан жабыркаган балдарга көрсөтүлүүчү жардам

Өкмөт 0

Бишкек, 5-май /Кабар/. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 4-майда, 2017-жылдын 29-майында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында жер көчкү түшүп, 24 жарандын өмүрүн алган Аюу айылындагы жашоочуларына жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрлигинин отчетун угуп, жыйынтыгында социалдык блоктогу министрликтер менен ведомстволорго бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигине өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркаган балдар үчүн жайкы эс алууну уюштуруу, мектепке чейинки даярдык маселесин иштеп чыгуу жана мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларга тапшыруусуна, мектеп окуучуларына жардам көрсөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жабыр таркан үй-бүлөлөр менен жекече иштөө зарылдыгына көңүл буруу, социалдык төлөмдөр ачык жана туура берилүүсүн тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине өз убагында медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн адистер тобун түзүү тапшырылды.

«Табигый кырсыктан жабыркаган калктуу конуштагы социалдык блоктун министрликтери менен ведомстволорунун иши уюшкандыкта жүргүзүлүүгө тийиш. Өзгөчө белгилеп кетчү жагдай, жеринде түзүмдүк бөлүмдөрдүн ыкчам жардам көрсөтүү үчүн зарыл ресурстар ар убак эле жетиштүү боло бербейт. Ошондуктан ар бириңиздер жабыркаган калктуу конушка барып, ал жердеги жарандар эмнеге муктаждыгын билүүңүздөр жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу аяктаганга чейин бирден орун басарларыңыздарды жөнөтүшүңүздөр керек», – деп баса белгиледи вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылында мобилдүү клиника иштеп жатат, үч дарыгер 160 оорулууну кабыл алган. Мырзаке айылынын жалпы дарыгерлер борборунан кошумча 5 врачтан турган бригада жөнөтүлдү. Өзгөн райондук ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, кошумча орундар коюлуп, бардык оорулуулар медициналык каражаттар менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө Аюу айылынын тургундарынын ичинен 15 дарыланды. 9 жаран ооруканадан чыгарылды, 6су стационардык дарыланууда, 1 жаран оор абалда инсульт диагнозу менен жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында орун алган жер титирөөдөн кийин Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жараксыз абалга келип, оорулууларды кабыл алуу имараттын 2016-жылы салынган ашканасында убактылуу жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Жекенди айылында стационардык бөлүмү жараксыз абалга келип, жарандарды кабыл алуу Үй-бүлөлүк медицина борборунда жүргүзүлүүдө. Чоң-Алай районундагы ооруканада 1 жаранга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды.

28-апреде болуп өткөн Майлуу-Суу шаарынын жана Сары-Бээ айылынын ортосундагы топурактын түшүүсүнүн натыйжасында дарыя жжэгиндеги жол жабылган.

Азыркы кезде Сары-Бээ айылында Үй-бүлөлүк медицина борбору 3 дарыгер, 4 медайым жана 1 фельдшер штатында иштеп жатат. Майлуу-Суу шаардык ооруканасында дарыгерлер бригадасы түзүлүп, жеринде медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрү белгиленген тартипте социалдык төлөмдөрдү берүү үчүн калктын керектөөсүн баалоону жүргүзүүдө.
Калкты социалдык коргоо, балдарды коргоо, коомдук төлөм ишин уюштуруу чараларын тез арада жөнгө салууну караган матрица иштелип чыкты. Мындан тышкары Аюу айылындагы жер көчкүдөн улам каза болгондордун туугандары арасында жөлөк пул төлөө боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги Аюу айылындагы Б.Тешебаев атындагы мектепти жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Мектеп окуучулары 3 турак үйдө эки сменада окутулууда.

Чон-Алай районунда орун алган жер титирөөнүн кесепетинен 17 мектеп жана 14 бала бакчада майда жарака кеткен. Аталган билим берүү мекемелеринде окуу процесси 10-майга чейин токтотулду. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан райондогу жабыр тарткан билим берүү мекемелерине жардам көрсөтүү боюнча жумушчу тобу түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий