• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-корей кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Билим 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бишкек шаарындагы Кореянын Билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын мындан аркы келечеги талкууланды.

Купешев корей стипендиялык программалары, Кыргызстандын жарандары үчүн техникалык багыттар, маалыматтык технологиялар боюнча квоталык орундарды көбөйтүү, ошондой эле кесиптик билим берүү чөйрөсүндө адистерди даярдоо маселелерин көтөрдү.

Дэ Гван Кореянын Билим берүү министрлиги эки өлкөнүн билим берүү системалары менен жакындан таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин делегациясынын Кореяга сапарын уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат катары айта кетсек, бүгүнкү күндө корей тили Кыргызстандын 65 билим берүү уюмунда окутулат, анын ичинен 45 уюм Бишкек шаарында жайгашкан. Окутуу Билим берүү борбору тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын Кореянын жогорку окуу жайларында окуусу үчүн жыл сайын Кореянын өкмөтү тарабынан билим берүү гранттары бөлүнөт. Документтерди кабыл алуу жана тандоо Корея билим берүү борборунун көмөктөшүүсү менен Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий