• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"COVID 19: Билим берүү жана илимге кайрадан саресеп" аталышындагы форум өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасы 22-23-24-июнь күндөрү саат 15:00дө "COVID 19: Билим берүү жана илимге кайрадан саресеп" аталышындагы I форумун өткөрөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Форумда пандемия шартында билим берүүдөгү жаңы көрүнүштөр, онлайн окутуунун өзгөчөлүктөрү, глобалдык атаандаштыкта Кыргызстандагы билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатуу тууралуу маселелер ортого салынат.

Иш-чара үч отурумда өтөт. 22-июндагы "Мектеп: башкаруу жана окутуу ресурстары" аттуу I отурумда мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана санариптештирүүнүн мааниси, билим берүү тармагын башкаруу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле COVID 19дан алынган сабактар тууралуу маселелер каралат.

"Жогорку окуу жайлар: өнүгүү багыттары, аккредитация жана онлайн окутуу маселелери" деген II отурумда учурдагы ЖОЖдордогу онлайн окутуу, аккредитация жана студенттердин билимин баалоо боюнча талкуулар болот.

Ал эми "Илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жолдору" деген III отурумда эл аралык илимий журналдарды баалоо жана алардын талабына ылайык илимий макала жазуу, студенттерди илимий иш жүргүзүүгө үйрөтүп багыт берүү, академиялык чынчылдык жана плагиат маселелери талкууга алынат.

Онлайн форматында өтө турган форумда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн билим берүү тармактарында иштеп жаткан мекендештерибиз баяндама жасашат.

Эске салсак, "Үйрөнүүнү үйрөн" урааны менен иш алып барган Онлайн университети платформасы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган бир катар вебинарлар сериясын, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөсү жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.

1-отурум - конференциянын идентификатору: 949 4691 5448

Паролу: 579026

2-отурум - конференциянын идентификатору: 956 3583 1836

Пароль: 715576

2-отурум - конференциянын идентификатору: 948 0364 6250

Пароль: 502645

Пикир

Оставить комментарий