• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү жана кадрларды даярдоо максаттарга жооп бере албай жатканы байкалып турат — Касмамбетов

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө кадр даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурула баштады. Бул тууралуу “Билим берүү жана санариптештирүү: кадр даярдоонун пайдубалы” илимий-практикалык конференцияда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана кадрларды даярдоонун азыркы абалын талдап көрсөк, ал алдыга койгон максаттарга жооп бере албай жатканы байкалып турат.

“Ошондуктан, билим берүү жана кадр даярдоо саясатын түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгы келип жетти. Мындан ары билим берүү реформалоо жана аны жаӊы форматка салуу билим берүү кызматкерлеринин эле энчиси болбошу керек. Ал башка тармактардай эле олуттуу реформаларга муктаж. Жакында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жетекчилерине лицензиялык стандарттар сакталбаганы үчүн катуу чаралар көрүлө турганы эскертилди. Ошондон улам, азыр академиялык акыйкаттык деңгээлин, билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн лицензиялык стандарттарга шайкеш келер-келбесин текшерүү үчүн туруктуу иштей турган комиссия түзүлдү. Анын алкагында коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишине көзөмөл жолго коюлат, анын ичинде окутуучулардын сабактарды ырааттуу өткөрүүсүнө, студенттердин сабактар менен экзамендерге де-факто катышуусуна көзөмөл күчөтүлөт”, - дейт ал.

Касмамбетов кошумчалагандай, Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жумушсуз жаштардын 60 пайызынын 14 пайызга жакыны гана өз адистигине ылайыктуу жумуш табат же окуусун андан ары улантат.

Пикир

Оставить комментарий