• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим күнү 1-класстар үчүн салттуу түрдө уюштурулат - Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 21.08.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Быйыл 1-сентябрь – Билим күнү 1-класстар үчүн салттуу түрдө уюштурулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн Билим күнү салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык өткөрүүгө даярдык жүрүүдө.

“Массалык иш-чараларды өткөргөнгө тыюу салынат. Андыктан ар бир ата-эне балдары менен санитардык талаптарды сактоосу керек. Билим күнүндө балдарды мугалим жана мектеп менен тааныштыруу жүргүзүлөт. Ошондой эле ал күнү “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлөт. 1-сентябрда менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2-11-класстар үчүн Билим күнү дистанттык түрдө өткөрүлѳт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий