• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим күнүнө карата министр Каныбек Исаков мугалимдерге кайрылуу кат жолдоду

Билим 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. 1-сентябрь - Билим күнүнө карата билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерге кайрылуу кат жолдоду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө кайрылуу каттын текстти:

"Ардактуу асыл мугалимдер! Кадырлуу кесиптештер!

Быйылкы Билим күнүнүн алдында Сиздерге атайын кайрылып, көкүрөктөгү ойлорум менен бөлүшүп, жүрөгүмдөгү жылуу сөздөрүмдү арнагым келди.

1-сентябрда дайыма баарыбыз окуучуларыбыз менен жолугушууну самап, ал эми окуучуларыбыз болсо ак мектебин, классташтарын, досторун, билим берген агай-эжейлерин сагынып, мектептерибиз шаңга бөлөнүп турчу.

Мезгил, дүйнөдөгү кырдаал өз үстөмдүгүн жүргүзүп, балдарыбыздын коопсуздугун, ден соолугун сактайлы деп быйылкы жаңы окуу жылын аралыктан окутууга аргасыз болуп жатабыз.

1-сентябрда 1-класска келген балдардын окуучулук турмушу ак жолтой, эсте калаарлык башталсын деп аларды реалдуу режимде окутууну чечтик.

Пандемия адамзат жашоосунун багытын, философиясын, ыргагын өзгөрүүгө дуушар кылып жатат.

Бул күндөр көптөгөн үй-бүлөлөргө таасирин тийгизди. Илим, билимге өмүрүн арнаган көрүнүктүү педагогдорубуздан ажырадык.

Күтүүсүз арабыздан кеткен кесиптештерибиздин жакын туугандарына, уул-кыздарына дагы бир ирет көңүл айтып, алардын жаркын элесине таазим кыламын. Алар жөнүндө эскерүү китептерин чыгарып, элге сиңирген эмгектерин эскерип турабыз.

Бул сыноолорду ынтымак-ырашкерлик, акыл-эстүүлүк жана биримдик, сабырдуулук менен жеңип жатабыз. Адам өмүрүн баалоого, бири-бирибизге дем-күч бергенге, колдоп, кубаттоого, ар бирибиз ички руханий күчүбүздү бекемдөөгө, гумандуулук принциптерин туу тутуп жашоого үйрөнүп жатабыз.

Ушундай кырдаалды аң-сезимдүүлүк менен түшүнүп, кандай карама-каршылыктарга тушукпайлы, андан туура жол издеп, элибизге туура багыт берүү биздин милдетибиз.

Ар бир баланын жөндөмүн өнүктүрүүгө, керектүү билим, таасирдүү тарбия берүүгө аракеттенишибиз зарыл. Биз балдардын ден соолугу үчүн да жооптуу экендигибизди унутпайлы.

Мугалимдерди окуучулар гана эмес коомчулук, ата-энелер зор үмүт жана ишеним менен карап турушат. Ошондуктан балдарга билим берүүнүн түрдүү жолдорун биргелешип издейли. Ушундай учурда мугалим деген улуу атты бийик кармап, чыныгы педагогдук сапатыбызды сактап, башкаларга үлгү көрсөтөлү. Ар бирибиз демилгебиз менен, изденүү, жаратмандык ишибиз менен бул кырдаалдан окуучуларыбыздын, ата-энелердин жана элибиздин алдында жүзүбүз жарык чыгаарына ишенемин. Анткени биздин мугалимдерибиздин эмгеги таза, мээнети ак.

Урматтуу мугалимдер! Сиздердин профессионалдык сапатыңыздар, инсандык кадыр-баркыңыздар, педагогдук чеберчилигиңиздер, интеллектуалдык дараметиңиздер, адамдык мамилеңиздер кандай тоскоолдук болсо да ага туруштук берип, акыл-эс менен жеңип чыгууга ишендирет.

Мен өзгөчө ата-энелер менен биримдикте тыгыз иштешүүгө, балдарды тарбиялоо процессине ата-энелерди түздөн-түз катыштырууга чакырамын. Качан гана ата-эне-мугалим-коомчулук үчилтиги айкалышканда гана коомубузга пайдалуу инсанды тарбиялай алабыз.

“Куш уяда эмнени көрсө учканда ошону алат!” Андыктан ата-энелерди да мугалимдер менен кызматташууга үндөймүн.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө да окуучуларыбыз үчүн зарыл шарттарды түзүүгө кол сунуп, дайыма колдоого алып турушун өтүнөмүн. Ар бир аймакты терең билим алып чыккан жаштар гана өнүктүрө алат. Биздин эң башкы байлыгыбыз-адам капиталы. Окуучуларды колдоого алганыңыздар - келечекке чоң инвестиция салган менен барабар. Андыктан мектепти колдоп келе жатышкан жергиликтүү жетекчилердин баарына ыраазычылык билдирүү менен балдарды телевизор, смартфон, интернет менен камсыз кылууга көмөктөшүүңүздөрдү суранамын.

Урматтуу кесиптештер! 4-чейректе жасаган эбегейсиз эмгегиңиздер, арыбас аракетиңиздер үчүн чын жүрөгүмдөн терең ыраазычылык билдиремин.

Жакшылыктын акыбети сөзсүз жакшылык менен кайтат. Буйруса, кадимки жай турмуш келип, салттуу билим берүү процессине кайра өтүүбүзгө аз күндөр калды. Жакшы күндөр келишине баарыбыз көмөкчү болуп, балдарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого, сергек жашоо маданиятын өздөштүрүүгө көнүктүрүүбүз керек.

Урматтуу кесиптештер, жаңы окуу жылында бир да бала көңүл сыртында калбашы керек. Баарын билим берүүгө тартып, коопсуз чөйрөдө өсүп-жетилишине кам көрүүбүз зарыл.

Сиздерден санариптик билим берүүдө күчтүү колдоо күтөмүн жана ички дараметиңиздерге ишенемин, Сиздер менен сыймыктанамын. Биргеликте сөзсүз ийгиликтерге жетишебиз.

Мугалимдер менен биздин жашообуз мазмундуу, коомубуз туруктуу, келечегибиз жарык.

Жаңы окуу жылында Сиздерге күч-кубат, бекем ден соолук, бакубат турмуш, изденүү каалаймын".

Пикир

Оставить комментарий