• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим Кыргызстандын негизги жетишкендиги болуш керек - премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Билим Кыргызстандын негизги жетишкендиги болуш керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал, бир учурда Советтер Союзу билим деңгээли боюнча мыкты үч өлкөнүн бири болуп келгенин белгилеп өттү.

Аны менен бирге премьер-министр Кытай тууралуу сөз кылып, анын экономикасынын өнүгүүсү жылына 9-11%ды түзөрүн айтты.

“Азыр биотехнология, гендик инженерия өнүгүп жатат. Биз баардыгыбыз билим тармагынын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошушубуз керек”, - деди өкмөт башчы.

Абылгазиев, Дүйнөлүк банк 192 өлкө арасында изилдөө жүргүзүп, алардын 64%ы билимдин эсебинен өнүгүп жаткандыгын аныктаганын айтып өттү.

“Биз ушул тизмеге киришибиз керек. Биздин жаратылыш байлыктарыбыз анча көп эмес. Ошол себептен, билим биздин негизги жетишкендигибиз болуш керек”, - деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий