• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билл Гейтс 2000-жылдан бери эң көп кайрымдуулук иштерин жасаган

Дүйнө 0

БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. Америкалык миллиардер, “Microsoft” компаниясынын мурдагы жетекчиси Билл Гейтс 2000-жылдан бери эң көп кайрымдуулук иштерин жасаганын “Блумберг” агенттиги баалуу кагаздар боюнча федералдык комиссиянын маалыматына таянуу менен жазып чыкты.

Кайрымдуулуктун көлөмү 4,6 миллиард АКШ долларын түзгөн.

Кайрымдуулук 6-июнда дагы жасалган. Азырынча аны ким алгандыгы аныктала элек.

Агенттиктин билдиришинче, кайрымдуулуктун негизги бөлүгүн миллардер жубайы экөө негиздеген кайрымдуулук фондунун атынан жасайт.

Жалпысынан Гейтс жана анын жубайы 1994-жылдан бери 35 миллиард доллар карйымдуулук кылышкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий