• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Билл Гейтс коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө 10 млн доллар бөлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Билл Гейтс менен анын жубайы Мелинданын фонду коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Фонд 5 миллион долларды Кытайга, калган 5 миллионду Африканын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборуна бөлдү. Африкада илдеттин жайылышына бөгөт коюу, ооруга шектүүлөрдү дарылоо жана коронавирусту жуктуруп алгандарга атайын кармоочу жай уюштуруу үчүн акча каражаты бөлүнгөн.

Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болгон.

Ошондой эле Кытайдын борбордук бийлиги Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бюджеттен 43,2 миллион доллар бөлгөн.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, США, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий