• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда эмгектенип жана билим алган 30 миң кыргыз атуулу бар

Саясат 0

Бишкек, 06.12.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Түркияда эмгектенип жана билим алган 30 миң кыргыз атуулу бар. Бул тууралуу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушуудан чыккан Йылдырым эки мамлекеттин жарандарына каралып жаткан пенсиялык камсыздоо маселесине токтолду.

"Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алака тез, натыйжалуу өнүгүүдө. Учурда биздин өлкөдө 30 миңге жакын кыргызстандык эмгектенип, билим алып келишет. Ошондой эле Кыргызстанда иштеген биздин жарандарыбыз бар. Эки мамлекеттин парламенти эки өлкөдө иштеген жарандарыбызга пенсиялык камсыздоо боюнча документти карап, жакын арада ратификациялайт деп ишенем", - деди ал.

Эскерте кетсек, Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым баштаган калың топ Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Бүгүн алар Ата-Бейит мемориалдык комплексине, Кыргыз-түрк "Манас" университетине барышат.

Пикир

Оставить комментарий