• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жана 1994-жылкы паспорттуу жарандар быйылкы шайлоого катыша албайт

Өкмөт 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Учурдагы мыйзамга ылайык, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар шайлоо тизмелерине киргизилбейт жана шайлоого катыша алышпайт. Бул 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторуна ээ жарандарга да тиешелүү. Аталган паспортторду жаңы үлгүдөгү паспортторго алмаштыруу керек, бул процесс акысыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 1-жарым жылдык ишинин жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна даярдыкка арналган маалымат жыйынында билдирди.

«Учурда шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер аткарылууда. Жарандар www.shailoo.srs.kg порталынын жардамы менен шайлоочулардын тизмелеринен өздөрүн таап, так эместиктер жана каталарды байкашса, аны жоюу максатында биздин адистерге кайрылса болот. Муну менен бирге жарандар «119» номуру аркылуу чалуу борборуна кайрылса болот. Байланыш операторун күтүп отурбастан, «119» номуруна өздүктү тактаган номерди атап, кыскача билдирүү жиберсе, система автоматтуу түрдө шайлоо участогунун дареги менен номуру камтылган жоопту жаранга жиберет», - деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев белгилегендей, шайлоого 70 күн калганда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына алдын ала шайлоочулардын тизмесин жиберет.

«15 күн өткөндөн кийин ар бир шайлоо участогунда шайлоочулар тизмеси пайда болот. Бул мезгилден тарта шайлоочулар шайлоо участокторуна келип, алар менен таанышса болот. Мындан кийин шайлоого 20 күн калганда, 30 күн калганда жаңыртылган тизмелер БШКга жиберилет, андан кийин шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет. Шайлоо күнүнө 15 күн калганда жарандардан тизмеге кошуу боюнча арыздарын кабыл алуу токтотулат», - деп белгиледи Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев.

Пикир

Оставить комментарий