• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557,8 миң жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган 557 миң 856 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 586,6 миңге жеткен

"Алардын ичинен 18 жана жана андан улуу куракта болуп, паспорту бар жарандардын саны 4 млн 81,4 миң адамды түзөт. Ошол эле учурда конституциялык мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана киргизилет. Учурда алардын саны 3 млн 523 миң 554 адамды түзөт. Биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болуп, шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген жарандардын саны 557 миң 856ны түздү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий