• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биометрикалык жалпы жарандык паспорт менен айрым өлкөлөргө визасыз барууга болот – Мамкаттоо

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор менен айрым өлкөлөргө визасыз барууга болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасынын директорунун орун басары Кубанычбек Саданбеков билдирди.

Ал биометрикалык жалпы жарандык паспорттор 2019-жылдан тарта бериле баштай турганын белгиледи.

“Учурда техникалык иштер жүрүп жатат. Дизайны, түсү иштелип жатат. Жаңы жалпы жарандык паспортко чип коюлат”, - деди ал.

Саданбаев паспорт ИКАОнун (эл аралык жарандык авиация уюму) талаптарына ылайык даярдаларын кошумчалады.

“Биометрикалык паспортторду киргизүү көп артыкчылыктарды берет. Кээ бир өлкөлөргө визасыз барууга мүмкүн болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий