Бир адам үч-төрт кызматкердин ишин аткарып жатты – пандемия учурунда иштеген журналист

Коом 0

27-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Алган сыйлыгы жана карантин учурундагы иши тууралуу 5-каналдын журналисти Каныкей Шаршембиева айтып берди.

- Пандемия башталганда жана карантин учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

- Пандемия күч алганда шаарда жүрүүгө чектөө киргизилген. Ал биздин каналга дагы таасирин тийгизди. Бирок ишибизди токтоткон жокпуз. Каналдын эфир убактысы азайган жок, кезек-кезеги менен иштөөнү чечтик. Мага тынымсыз иштөөгө туура келди. Кезеги менен иштегендигибизге карабастан айрым кызматкерлер дем алышсыз иштешти. Телеканал болгондуктан үйдө иштей алган жокпуз. Ага карабай каналдын эфирдик убактысын кыскартпоо үчүн болгон күчүбүздү жумшадык жана ал колдон келди. Контент толугу менен чыгып жатты. Бир кызматкер үч-төрт кызматкердин ишин аткарып жатты. Баары бир убакта жумушка чыга алган жок.

- Бул сиздин биринчи сыйлыгыңызбы?

- Ооба, бул менин биринчи маанилүү сыйлыгым. Акыркысы болбой, келечекте дагы көптөгөн сыйлыктар болот деп ишенем. Аракет кылам.

Пикир

Оставить комментарий