• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир адам түтүнгө ууланган. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы батирде өрт чыгып, аянты 5 чарчы метр болгон 1 бөлмөнүн үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн натыйжасында 1955-жылы туулган Т. Р. И. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында жолдун жээгинде “Audi100” үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий