• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бир адамдан бир китеп" акциясы: 27 млн сом чогултулуп, ага 108 миң китеп сатып алынды

Маданият 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн "Бир адамдан бир китеп" акциясы өткөрүлдү. Ал тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков айтып берди.

Анын айтымында, ал иш-чаранын алкагында 27 млн сом чогулутуп, ал каражатка 108 миң китеп сатып алынды.

"Бул акция аймактарды өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор аталууга ат салышса болот. Себеби, анын аркасы менен аймактарда жаңы китепканалар ачылды, китеп окуу жайыла баштады. Айылдагы китепканаларда заманбап авторлордун кыргыз тилиндеги китептери пайда болду", - деген Кадырбеков, Лейлек районунун 50 айылында китепканалар ачылганын белгилеп өттү.

Ал эми "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун авторлору Бакай Акылбеков менен Эрлан Смайыл уулу аларга бул ой кантип келгенин айтып беришти.

"Мектеп курагында өзүбүз китеп окубай калганбыз. Себеби, китепкана эскирип, жаман иштечү. Мындай абал өлкөнүн баардык айылдарында болгонун байкадык. Эгер бир айылда 1 миң киши жашаса, алардын ар бири бир китептен берсе, 1 миң китеби бар китепкана пайда болот деп ойлодук. Долбоордун алкагында 144 китепкананын китептери жаңыланды. Китепканасы жок айылдарда китепкана пайда болду", - дейт Акылбеков.

Ал, бул саамалыкка чет жердеги кыргыз мигранттары, Кытайда окуган кыргыз студенттер да көмөк кылганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий