• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир ай мурда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Бир ай мурда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-август күнү Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1994-жылы туулган кыздын сөөгү бүгүн, 26-сентябрда болжол менен саат 14:40та табылган.

"Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган. Кыздын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий