• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир аптада экспортко багытталган 13,7 миң тонна айыл чарба продукциясына карантиндик көзөмөл жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин кызматкерлери 2022-жылдын 11-февралынан 17-февралына чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 13 миң 718 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу Кыргызстандан 1 миң 196 тоннага көп экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий