• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир аптада Кыргызстанда 17 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда 30-ноябрдан 6-декабрга чейин 16 миң 516 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу жол көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, телефон менен сүйлөшүп унаа башкарып бара жаткан 3255 айдоочуга айып пул жазылган. 394 айдоочу жол чырактын кызыл жарыгына өтүп кеткен. Мас абалында унаа айдап бара жатканы үчүн 176 айдоочу кармалган.

Ошондой эле:

- 1366 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 2930 айдоочуга айып пул жазылган;

- 1236 айдоочунун унаасынын жарыктандыруучу жабдыктары иштеген эмес;

- 1511 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук келтирген;

- Унаада коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4205 айдоочуга айып пул салынган;

- 36 айдоочу унаасынын айнектерин караңгылатып айдап жүргөн;

- 846 унаа айып унаа токтотуучу жайына коюлган.

Белгилей кетсек, 23-ноябрдан 29-ноябрга чейин өлкө боюнча 17 миң 718 жол эрежеси бузулган.

Пикир

Оставить комментарий