• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир жоокер каза болуп, экөө жараат алды

Кырсык 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду.

УКМКнын Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдиргендей, жол кырсыгы 2021-жылдын 23-июнунда катталган.

"Коюлган тапшырманы аткарууда үч аскер кызматкери оор жүк ташуучу автоунаасында жүк алып бара жатышкан. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу автоунааны башкара албай, автоунаа капталына оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында автоунаанын айдоочусу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер кызматкери ар кандай жаракат алып жергиликтүү ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Орун алган окуя боюнча тиешелүү органдарга кабар берилип, жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталды. Кырсык катталган жерде тергөө тобу иш алып барып, себептерин жана жагдайларын тактап жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы каза болгон аскер кызматкердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий