• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Бир Бол” фракциясы кырсыктан жабыркаган Чоң Алай жана Өзгөн районунун элине 400 миӊ сом каржылык колдоо көрсөтүштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин Төрагасы менен биргеликте Ош облусуна расмий иш сапар менен барып, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Чоӊ Алай жана Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 19-20-майдагы бул иш сапардын алкагында депутат Мыктыбек Абдылдаев парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын атынан табият кырсыгынан жабыркаган Чоң Алай элине 200000 (эки жүз миң) сом, Өзгөн элине 200000 (эки жүз миң) сом тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий