• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бир бол" фракциясы Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кызматына сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясы Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кызматына сунуштайт. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык баракчасында айтып чыкты.

"Биз Айыл чарба министрлигине жаш кадр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайлы деп чечтик. Жаңы көз караш, жаңыча ой жүгүртүү бул тармакты өнүктүрүүгө жол ачат", - деп жазган Сулайманов.

Аны менен катар ал, өкмөт башчы алардын сунушун колдойт деген ишенимин билдирген.

Эскерте кетсек, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кеткенден кийин жаш ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин сунуштап, министрликти реформалоонун жолун биле турганын айткан. Белгилей кетсек, учурда коомчулук социалдык тармактарда аны колдоп, министрликке татыктуу экенин билдиришүүдө.

Жаш ишкер Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы, учурда 28 жашта.

Пикир

Оставить комментарий