• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Бир Бол» партиясынын лидери А.Сулайманов ноокаттыктарды С.Жээнбековду колдоого чакырды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу ал КР президенттигине талапкер С.Жээнбековдун Ош областынын Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Мен дайым Сооронбай Жээнбековдун жумушун сындап келгем, ал сынды туура кабыл алган. Бирок бүгүн мен аны мактагым келип жатат, анткени ал эң мыкты жөнөкөйлүк сапатына ээ. Ушул сапатынан улам жана эмгекчилдигинин аркасы менен ал президенттикке күчтүү талапкер катары жарышка келип жетти. С.Жээнбеков – атасынын татыктуууулу. Жээнбековдор СССР кулагандан кийин дароо объекттерди менчиктештире баштап жана башка өз пайдасына иштерди жасаса болот эле - андай болгон жок. С.Жээнбеков көөп кетсе болот эле, андай кылбады. Артынан бир да жаман сөз ээрчиген жок, атасынын ысымын булгабады. Бул шайлоодо кимди колдойбуз деп көпкө ойлондук, анан өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан кымбат койгон Сооронбай Жээнбековго токтодук. Мен бир партиянын жетекчиси катары бүгүн алдыңарга Сооронбай Шариповичти колдоп келип отурам. Сиздерди дагы 15-октябрда биздин талапкерге добуш берип коюуңуздарга чакырам», - деп билдирди «Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга 20 миңден ашуун шайлоочу келди.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий