• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир бутунан ажыраган аялга дарыгерлердин жардамы керек

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Нуркыз Сабырова - Кабар/. “Руки добра” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Алена Конорева Чүй облусунун Красная речка айылынын жашоочусу газ баллондун жарылышынан бир бутунан ажыраган Натальяга дарыгерлерден жардам берүүнү суранат. Кырсыктан жабырлануучунун экинчи буту күйүп калып, шашылыш дарылоо чараларын көрүү зарыл, антпесе, эки баланын энеси бул бутунан да ажырап калышы мүмкүн.

А.Конорева билдиргендей, каргашалуу окуялардан бери Наталья өз убагында дарылануудан өтө алган эмес. Себеби, ал жалгыз өзү 5 жана 21 жаштагы уулдарын багат. Улуу уулу баш сөөк-мээсинин жаракатына байланыштуу катуу оорудан жабыр тартат. Токмок борбордук райондук ооруканасынын дарыгерлери Натальянын кайрылуусу боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, операция жасоо шарты борбордук ооруканаларда гана бар деген бүтүм чыгарышкан. Алардын айтымында, эгерде тезинен тазалап, терисин алмаштырса жана жабырлануучунун иммунитетин көтөрүү чараларын көрүлсө анын бутун сактап калууга болот. Бирок, борбордук дарыгерлер бул абдан кооптуу деп, аны дарылоодон жана ооруканага жаткыруудан баш тартып жатышат.

“Бишкек шаардык илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунун дарыгерлери жок бутунун ордуна акысыз түрдө протез коюп берүүгө макул болушкан. Бирок, ошентсе да бул процедура Натальянын колунда жок аз эмес акчаны талап кылат”, -деп билдирди кайрымдуулук фондунун директору.

А.Конореванын айтымында, Натальянын саламаттыгы начарлап кеткенге чейин борбор шаардагы базарларда кайыр сурап акча тапкан. Топтогон акчасын тамак-ашка, батирдин ижарасына төлөчү. Эки баласынын ден соолугуна кам көрүүгө жана өзү дарыланууга каражаты жетпей келген. Үй-бүлө эч кандай жеңилдик албайт, учурда коңшуларынын жардамынын эсебинен жашашат.

Пикир

Оставить комментарий