• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир гана беткап кийүү менен коронавирустан сактанса болбойт - ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бир гана беткап кийүү менен коронавирустан сактанса болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беткап тагынуу боюнча жаңы сунуштамаларды жарыялады.

"Бир гана беткап кийүү менен коронавирустан сактана албайбыз. ДССУ азыр дагы коронавирус жуктурган жарандар обочолонуп, медкызматкерлердин көзөмөлүндө болуусун сунуштайт. Алар менен байланышта болгондор карантинге алынышы керек. Ошондой эле бир бөлмөдө бейтаптарды дарылап жаткан медкызматкерлер дагы беткап кийүүсү керектелет", - дейт ал.

Артыкова жарандар кийип жүргөн беткабын оңдоп жатып, вирусту жугузуп алышы мүмкүн экендигин айтат.

"Ал эми жаңы сунуштамалар болуп, бардык медкызматкерлер коронавирус жуктурбаган бейтаптар жаткан ооруканаларда дагы беткап тагыныш керек. Экинчиден жарандар ортосундагы аралыктын жакшы сакталбагаган жерлерде беткап кийүү, алар 60 жаштан жогоркулар жана өнөкөт оорулар менен жапа чеккендер. Үчүнчүдөн ДССУ бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн жарандарды беткап кийүүгө чакыруусун сунуштайт", - деди Артыкова.

Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, коомдук жайларда санитардык талаптарды сактабаган учурлар дагы деле болууда.

"Беткап кийбей, социалдык аралык сакталбай жатканын байкап жатабыз. Өзүбүз туура мамиле кылбасак эпидемиологиялык абал курчуп кетишин дагы бир жолу эске салып жатам. Вирус өтө кооптуу экенин көрүүдөбүз. Каза болгондор катталууда. Алар учурунда илдетти жуктургандар менен байланышта болгондуктан коронавирус жуктуруп алган", - деп айтты Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 9-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2055 учур катталды. Алардын ичинен 403ү медицина кызматкери. Илдеттен 1483 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 24 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий