• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күн ичинде 28 өрт кырсыгы катталды. Жалал-Абадда наабайкана, андагы 23 тонна ун, 847 килограмм нан күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында кечээ, саат 12:44тө Якубов көчөсүндө бир үйдөн өрт чыгып, ал жанаша жайгашкан жана Худайбердиев көчөсүндөгү үйлөрдүн чатырларына өтүп кеткен. Өрт 13:27де чектөөгө алынып, саат 15:14тө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 268 чарчы метрди түзгөн. Өрттөн кырсыктагандар же каза болгондор жок.

Ал эми Жалал-Абад шаарында аянты 200 чарчы метр наабайкана күйүп кеткен. Ошондой эле андагы 23 тонна ун, 261 килограмм ачыткы, 200 килограмм туз, 85 килограмм кесме, 847 килограмм бышкан нан, 2 меш, камыр жууруучу станок, макарон чыгаруучу станок жана башка буюмдар күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий