• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Бир күн ичинде дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда – 4, Ош шаарында - 2, Ош облусунда -1, Баткен облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда - 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

"Бир күн ичинде 5 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды”, - деди ал.

Жалпысынан өлкө боюнча 556 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 387 медкызматкер айыгып, үйүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус жуктурган 170 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3151ди түзөт. Алардын ичинен 2011 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 37 адам (+2 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий