• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде дагы 13 медицина кызматкеринен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бир күн ичинде дагы 13 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында − 7, Чүй облусунда − 5 жана Ош шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

"Бир күн ичинде 1 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды”, - деди ал.

Жалпысынан өлкө боюнча 546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 382 медкызматкер айыгып, үйүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус жуктурган 192 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2981ди түзөт. Алардын ичинен 1981 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий