• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күн ичинде дагы 26 медицина кызматкеринен коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бир күн ичинде дагы 26 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 3, Ош шаарында - 2, Ош облусунда - 4, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда -2 жана Талас облусунда 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

Жалпысынан өлкө боюнча 582 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 387 медкызматкер айыгып, үйүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктурган 205 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356ны түзөт. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 40 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий