• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде коронавирус 432 адамдан табылып, 4 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 432 адамдан табылып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 138 киши, Ош шаарында - 27, Чүй облусунда - 62, Ош облусунда - 26, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда - 15, Ысык-Көл облусунда - 51, Жалал-Абад облусунда - 66, Баткен облусунда 37 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 517 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте - 104, Ош шаарында - 16, Чүй облусунда - 101, Ош облусунда - 62, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 48, Жалал-Абад облусунда - 88, Баткен облусунда 76 киши айыкты” - деп билдирет республикалык штаб.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 киши каза болгон: Бишкекте - 2 киши, Талас облусунда - 2 адам.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 78 бейтап, үй шартында 3 миң 720 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 58и канааттандырарлык абалда, 2 миң 30 киши - орточо оор, 857 адам - оор жана 133 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 7, стационардан 1 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 813 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 540 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 69 миң 581ди түзөт. Алардын ичинен 60 миң 811 адам айыгып чыккан, 1 миң 231 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий