• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир күн ичинде коронавирус 499 кишиден табылып, 1 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 499 адамдан табылып, 1 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 108 киши, Ош шаарында - 46, Чүй облусунда - 83, Ош облусунда - 52, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда - 59, Жалал-Абад облусунда - 70, Баткен облусунда 49 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 540 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте - 93, Ош шаарында - 36, Чүй облусунда - 87, Ош облусунда - 66, Талас облусунда - 31, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 51, Жалал-Абад облусунда - 76, Баткен облусунда 94 киши айыкты” - деп билдирет республикалык штаб.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде өлкө боюнча - Баткен облусунда 1 киши каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 315 бейтап, үй шартында 3 миң 905 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 58и канааттандырарлык абалда, 2 миң 124 киши - орточо оор, 1 миң 4 адам - оор жана 129 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 4, стационарлардан 6 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 693 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 483 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 65 миң 953тү түзөт. Алардын ичинен 56 миң 847 адам айыгып чыккан, 1 миң 196 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий