• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир күн ичинде коронавирус 571 адамдан табылып, 5 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 571 адамдан табылып, 5 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 154, Ош шаарында - 52, Чүй облусунда - 78, Ош облусунда - 86, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 47, Жалал-Абад облусунда - 77, Баткен облусунда 56 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө 406 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте - 145, Ош шаарында - 15, Чүй облусунда - 64, Ош облусунда - 34, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда - 58, Баткен облусунда 66 киши айыкты” - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде өлкө боюнча - Талас облусунда 2 киши, Бишкекте - 2, Баткен облусунда 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 457 бейтап, үй шартында 3 миң 737 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 71и канааттандырарлык абалда, 2 миң 251 киши - орточо оор, 1 миң 4 адам - оор жана 131 киши өтө оор абалда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 8 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 649 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 436 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 63 миң 390ду түзөт. Алардын ичинен 54 миң 358 адам айыгып чыккан, 1 миң 182 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий