• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 2 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 2 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ош шаарында - 1, Нарын облусунда 1 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 493 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 272 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 645ти түзөт. Алардын ичинен 33 миң 951 киши айыгып чыкты, 1 миң 493 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий