• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 23 адам айыкты. Жалпы 980

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 23 адам айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды", - деди ал.

Учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 980ге жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403тү түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий