• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 4 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 4 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1 киши каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 478 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 278 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 40 миң 455ти түзөт. Алардын ичинен 32 миң 764 киши айыгып чыкты, 1 миң 478 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий