• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 8 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан 8 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 4 киши, Ош облусунда – 1, Баткен облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда 1 адам коронавирустан каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 468 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 332 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 39 миң 919ду түзөт. Алардын ичинен 31 миң 822 киши айыгып чыкты, 1 миң 468 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий