• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы 11 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы 11 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 5 киши, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда 1 адам коронавирустан каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 438 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 569 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 38110ду түзөт. Алардын ичинен 29510 киши айыгып чыкты, 1438 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий