• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 5 киши, Ош облусунда – 2, Баткен облусунда 2 адам коронавирустан каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 447 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 549 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 38 миң 659ду түзөт. Алардын ичинен 30 миң 99 киши айыгып чыкты, 1 миң 447 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий