• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында Манас менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде дарак күйгөн.

Ош облусунун Ноокат районунун Айбек айылында аянты 72 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарай толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми Араван районунун Юсупов айылында аянты 60 чарчы метр эки кабаттуу сарай толугу менен күйүп, аны менен бирге 120 түк саман жана 1,5 тонна жыйылган чөп өрттөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий