• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир күн ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусундагы Кара-Булак айылында Өйүз көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин сарайынын 150 чарчы метр чатыры жана 130 түк саман күйгөн.

Чүй облусундагы Эркин-Сай айылында 2 миң түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий